Lenovo компаниясы эң алгачкы ийилчээк ThinkPad X1 ноутбугун көрсөттү

Lenovo компаниясы өзүнүн ийилчээк ThinkPad X1 ноутбугун коомчулукка көрсөттү. Өндүрүүчүлөр аталган ноутбукту дүйнөдөгү алгачкы ийилчээк ноутбук экенин айтышууда.


Маалыматтарга караганда, анын эң башкы өзгөчөлүгү болуп ийилчээк дисплейи эсептелет. Мындай дисплей ноутбукту планшет катары колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Ноутбукту бүктөгөн абалда 2-бөлүк эки башка функцияны аткарып калат. Анда текст жазса же болбосо эки баракты эки бөлүккө ачып алып китеп окуса болот.

Ноутбукту колдонгон ыңгайлуу. Анткени клавиатура катары колдонгон бөлүктө кубат берүүчү аккумулятор жайгашкан. Аны бир кубаттап алып, бир күн кечке колдонсо болот.

ThinkPad X1 толугу менен 2020-жылы коомчулукка тартууланат. Ага чейин ноутбук атайын тестирлөөдөн өткөрүлүп, жакшыртылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан