Эртең, 15-майда АФК Кубогунун тайпалык баскычынын алкагында "Дордой" клубу Тажикстандын "Истиклол" командасын кабыл алат. Беттештин алдындагы маалымат жыйынында бишкектик клубдун башкы машыктыруучусу Александр Крестинин алдыдагы оюн тууралуу пикирлери менен бөлүштү.
Анын айтымында, Тажикстандагы 2 жолку жеңилүү ызасынан кийин команданын ичинде бир топ өзгөрүүлөр орун алды.
"Өлкө чемпиондугунда "Дордойдун" абалы жакшы, тилекке каршы, АФК кубогунун алкагында андай эмес. Айрым оюнчулар Азия Кубогуна катышкандан бери өзүнө келе элек. Алар дагы деле эйфорияда жүрүшөт. Менин оюмча, ушундан улам мелдеште жакшы жыйынтыктарга жетише албай жатабыз.
"Алай" клубу дагы, "Дордой" клубу дагы акыркы жылдары эл аралык мелдештерде жеңишке жетише элек. Алгачкы жеңишти алып келүү үчүн болгон аракетибизди жумшашыбыз керек. АФК Кубогунун чыныгы деңгээлин түшүнүп, ар дайым жеңишке жетүүгө гана максат коюшубуз зарыл. Тилекке каршы, оюнчуларыбыздын баары эле буга даяр болбой жатышат.
Тажикстандагы оюндан кийин командада бир топ өзгөрүүлөр болду. Өзгөрүүлөр эртеңки беттеште да орун алат. Газондун абалы да өткөн беттешке караганда жакшыраак. Андыктан эртең чыныгы, сапаттуу футболго күбө болорубузга ишендирип кетким келет. Күйөрмандарыбыз да беттешке келип колдоп беришет деп үмүттөнөбүз. Биздин негизги максаттарыбыздын бири - өз күйөрмандарыбыздын купулуна толгондой оюн көрсөтүү", - деди Крестинин.
"Дордой" клубу "Алтын Асыр", "Истиклол" жана "Худжанд" клубдары менен биргеликте D тайпасына туш келген. Аталган клубдар өз ара 2 жолудан беттеш өткөрүп, эң көп упай топтогон команда мелдештин плей-офф баскычына чыгат. 3 оюндун жыйынтыгы менен тайпанын сап башында 7 упай топтогон "Истиклол" клубу турса, "Дордой" командасы 1 упай менен акыркы орунда жайгашкан.