Тарых илимдеринин кандидаты Эсен Усубалиев: "Түркия Кыргыз муфтиятынын статусун түшүнбөй жатат"

Эки күн мурун интернетте Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Женгиз Камил Фыраттын Мусулмандар дин башкармалыгына "мени террорчу менен бир дасторконго отургуздуңар" деп нааразы болуп жаткан видеосу тараган. Анда ал: "Мен силерге 35 миллион долларга мечит курдуруп берсем, силер мени террорчу Орхан Инанды менен чогуу отургузасыңар? Же Түркияны же ФЕТӨ уюмун тандайсыңар. Мен азыр президентке айтам", - деген. Бүгүн, 14-майда бул абал боюнча Түркиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы элчи туура реакция жасаган деп билдирүү таратты. Ал эми Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги жаралган абал боюнча комментарий бербей турганын билдирди.

SUPER.KG порталынын "Түрк элчиси менен муфтийдин окуясы боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигинин үн катпай жатканы туурабы?" деген соболуна "Акылдуу чечимдер" аналитикалык борборунун башчысы, тарых илимдеринин кандидаты Эсен Усубалиев төмөнкүдөй жооп берди.

Анын пикиринде, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ифтардагы окуя боюнча билдирүү жасабайт.

"Бул окуяда Кыргыз муфтияты мамлекеттик уюм эместигин эске алуу керек. Бизде муфтият - бул коомдук бейөкмөт уюм. Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги өз пикирин билдирбей жатат. Эгер ТИМ уюштурган расмий же башка бир мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара болсо, анда башка маселе болмок. Ал эми бул окуя боюнча Түркия муфтиятыбыздын статусун түшүнбөй жатат, себеби аларда башкы диний уюмдар мамлекеттен каржыланат. Ошондуктан биздин ТИМден жоопту күтүү кыйын. Бул окуяда түрк элчиси менен муфтияттын жеке мамилеси болуп жатат", - деди Усубалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Аалы Карашев, Максат Сабиров, саясат таануучу Медет Төлөгөновдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан