Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы министри Динара Сагинбаеванын ИИМге суракка чакырылганы айтылды

Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы министри, учурда Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагинбаеванын тергөө абагында сурак берип жатканы айтылууда. Маалыматты SUPER.KG'ге өздүк булактар тастыктады. Аны ИИМдин Тергөө кызматы суракка алып жатат.

Өздүк булактын билдиргенине караганда, Сагинбаева Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча иштин негизинде сурак берип жатат. "Ал тергөө абагына камалабы же жокпу азырынча белгисиз, бирок сурак берип жатканына 4 сааттай болуп калды", - деп билдирди булак.

Буга чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген.

2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен. 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып, "мыйзамдагы уурунун" иши январдан баштап кайра каралып жатканын билдирген. Маалыматта белгилүү болгондой, Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти Башкы прокуратура кайра карап, андан ары улантуу үчүн ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shabi
2019-05-14 20:05:03
Качырып жибергенден кийин буларды шыгыратып камагандан не пайда.жакшысы Батукаевти озун таап келип камагыла ошондо баракелди болосунар
0
kechirmeni
2019-05-15 08:44:15
Баарына приказ берген китти кармаш керек эле биринчи. Жогорудан буйрук болбосо буларын эч нерсе кыла алмак эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан