super.kg logo

Өлкөдөгү жаӊы конуштарда орнотулган электр түйүндөрүн тартипке келтирүү үчүн 2 миллиард сомго жакын каражат талап кылынары айтылды

 

Өлкө аймагындагы жаӊы конуштарда орнотулган электр түйүндөрүн тартипке келтирүү үчүн 2 миллиард сомго жакын каражат талап кылынат. Бул тууралуу кечээ, 14-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын башчысы Азамат Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, жалпы жаӊы конуштарды жайына келтирүү үчүн 8 миллиард сом табуу зарыл. "Азырынча бизде мындай каражат жок. Өлкө аймагындагы жаӊы конуштарга комиссиялык инвентаризация жүргүзүү зарыл. Чындыгында эле жаӊы конуштарды электрлештирүү маселеси курч турат. Аларда көптөгөн мыйзамсыз курулуштар жүрүүдө. Эгер биз комиссиялык инвентаризация жүргүзсөк, жумшалчу каражаттын өлчөмү менен аткарылчу жумуштун көлөмү так аныкталат. Биз азыр электрлештирүү түйүндөрүн 3 топко бөлдүк. Кабыл алууга даяр түйүндөр, каражат жумшалгандан кийин кабыл алчу түйүндөр, кабыл алууга жатпай турган түйүндөр. Ал эми мыйзамсыз басып алынган жерлерди мыйзамдаштыруу маселесин биргелешип чечүү зарыл", - деди Азамат Абдыкадыров.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.05.2019. 07:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1810
Катталган:
06-02-2012
Соӊку аракети:
23-05-2019 14:24
Жынысы:
Белгисиз
+1
2 миллиардды жеп койсо кичинекей эле акча буларга а олкого бир нерсе кылыш учун табылгыс акча болуп калат...
15.05.2019. 08:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
234
Катталган:
26-09-2017
Соӊку аракети:
24-05-2019 14:29
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушун баарын башында эле элге кичине баш коз болуп койсо болот эле го столбаларды эл оз акчаларына сатып алды го туштон кийин ондоп тузоо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
126804;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: