super.kg logo

Филология илимдеринин доктору: "Депутаттар, министрлер кыргыз тилинин эрежелери боюнча китептерди окушпайт"

 

Бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков эл өкүлдөрү кыргыз тилинде туура эмес сүйлөп жатат деген сөздөр айтылып жатканын билдирди.

"Парламентти бүт кыргыз эли карап отурат. "Депутаттар, кыргыз тилинде туура эмес сүйлөйсүңөр" деп кайрылгандар бар. Кээ бир депутаттар "барайлы, алайлы, берейли" деп сүйлөшсө, айрымдары "баралы, алалы, берели" деп сүйлөшөт. Ушунун кайсынысы туура?" - деп сурады депутат.

Филология илимдеринин доктору Сыртбай Мусаев ушунун бардыгы китепте эрежелери менен жазылып турганын эскертти. "Ошол китепти окуган киши жок болуп жатат. Анын эмнесин жашырабыз. Министрлер, депутаттар тил эрежелери жазылган китепти окушпайт. Элдин алдына чыгам деген адам өзү өнүгүшү керек. "Баралы, алалы, берели" деп сүйлөгөн туура болуп эсептелет", - дейт Мусаев.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
126804;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: