Көк бөрү боюнча Кыргызстандын курама командасы 20-июлдан 30-июлга чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында машыгуу-окутуудан өттү. Команда 10-15-сентябрь күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтө турган көк бөрү боюнча 1-Азия чемпиондугуна даярданууда. Башкы машыктыруучу Азиз Уралиевдин айтымында, команда 20 спортчудан турат. “Биз эң күчтүү аттарды тандап алдык”,- дейт ал. Маалыматка ылайык, машыгууга мамлекеттик бюджеттен 1 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Аталган чемпиондукка Иран, Казакстан, Кытай, Орусия, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандын курама командалары катышуусу күтүлүүдө.