"Шылуундарга алданбагыла". Адис жалпы республикалык тестирлөөдө кимдерге ишенбөө керектигин айтты

"Жалпы республикалык тестти тапшыруу учурунда "жогорку балл алып беребиз" же "туура жоопторун сатабыз" дегендерге ишенбегиле" деп бүгүн, 15-майда маалымат жыйынында Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Чынара Батракеева билдирди.

"Мен ата-энелерге кайрылып, жалпы республикалык тесттин жогорку жыйынтыктарын алып берем деген алдамчыларга ишенбегиле деп айткым келет. Тесттин жыйынтыктарын бурмалоого жана оңдоого мүмкүн эмес. Мындан сырткары, "сиздин балаңыздын ордуна кирип тест тапшырып беребиз" деп да сунушташышы мүмкүн, буга макул болбогула. Себеби андай учурлар дайыма аныкталат. Андай шылуундар милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилип, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопко тартылат", - деди Батракеева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан