Депутат Дастан Бекешев: “УКМКда коррупцияга каршы күрөшкөн орган болбош керек”

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов бүгүн, 15-майда кызматынан кетти. Ал мындай чечимди кабыл алганын учурдагы паспорт чуусуна байланыштырган. "Паспорт тендери боюнча териштирүү иштеринде менин кызыкчылыгым бар деген талкуулар кызуу жүрүп жатат. Бул кырдаалды эске алуу менен тергөөдө эч кандай кызыкчылыгым жок экендигин көрсөтүү үчүн кызматтан кетүүнү чечтим", - деген ал билдирүүсүндө.

УКМКнын ишмердүүлүгүнө карата бир катар сын-пикирлер айтылып, укук коргоочулар анын төрагасынын ыйгарым укуктарын токтотууну талап кылган.

SUPER.KG порталынын "Кадыркулов тендер чуусунун айынан кызматтан кетти. Жетекчисинин отставкага кетүүсү менен УКМКда адилеттүүлүк орнойт деп күтүүгө болобу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев төмөнкүдөй жооп берди.

УКМК терроризм, экстремизмге каршы күрөшүү боюнча иш алып барышы керек деген пикирде.

“Кайсы киши келбесин эч нерсе өзгөрбөйт. Бул жерде системди башкача түзүү зарыл. Коррупцияга каршы күрөшкөн орган УКМКда болбош керек. Ал өзүнчө болушу шарт. УКМК терроризм, экстремизмге каршы күрөшүү боюнча иш алып барганы оң”, - дейт Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Алмазбек Баатырбеков, экс-депутат Равшан Жээнбеков, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков, УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамыткановдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан