реклама
super.kg logo

Атамбаевдин жан сакчысы: "Аскер прокуратурасына барганда жактоочум жок суроолорго жооп берген жокмун"

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Дамир Мусакеев Аскер прокуратурасына суракка барганда суроолорго жооп бербегенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-майда SUPER.KG порталына билдирди.

"Кечээ, 15-майда саат 15:00гө Аскер прокуратурасына күбө катары суракка чакырылгам. Бирок ал жакта 5 мүнөттөй эле убакыт болдум. Жактоочум жок болгондугуна байланыштуу эч кандай суроолорго жооп берген жокмун.

Мага "мыйзамсыз баюу" боюнча ачылган кылмыш иши Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын билдиришти. Мындан сырткары, Аскер прокуратурасына дагы суракка чакырыла турганымды айтышты", - дейт Мусакеев.

Ушул жылдын февраль айында ага карата "кызматтык абалынан пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал УКМКнын 9-кызматын жетектеп турганда кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө мыйзамсыз иштерге барган деп шектелүүдө.

Ал эми 8-майда Башкы прокуратура Мусакеевге "Мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал 2010-2017-жылдар аралыгында жалпы суммасы 20 миллион сомду түзгөн мүлктөрдү сатып алган деп айыпталган. Сатып алынган мүлктөр Дамир Мусакеевдин туугандарына (атасы, апасы, аталаш бир тууганына) катталганы да маалымдалган. Кийин Мусакеев эгер анда Башкы прокуратура көрсөткөндөй мүлктөрү болсо, 2016-жылга чейин үй-бүлөсү менен УКМКнын бир бөлмөлүү жатаканасында жашабай тургандыгын айтып чыгып, журналисттерге 20 миллион сомдук делген үйлөрүн 4,5 сааттын ичинде көрсөтүп бүткөн. Анда ал Башкы прокуратура көрсөткөн мүлктөрдүн айрымдары ага жана жакындарына тиешелүү эмес экенин билдирген. Андан соң Башкы прокуратура билдирүү таратып, Дамир Мусакеев журналисттерге ачык көрсөткөн жер тилкелер жана үйлөр - анын жакын туугандарына катталган мүлктөрдүн бир бөлүгү гана деген.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
126839;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: