super.kg logo

Бүгүн Жогорку Сотто "Ата Мекен" партиясынын юристтеринин иши каралат

 

Бүгүн, 16-майда Жогорку Сотто "Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди" деп айыпка жыгылган "Ата Мекен" партиясынын юристтери Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунованын иши каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Токтакунова билдирди.

Маалыматка ылайык, соттук отурум саат 9:00дө башталат.

2017-жылдын 1-март күнү Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиз кырсыкка кабылган Боинг учагындагы жүк ошол учурдагы президент жана анын үй-бүлөсүнө таандык экенин далилдеген документтер бар экенин билдиришкен болчу. Башкы прокуратура "билдирүүдө өлкө башчысынын кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирилген" деп Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизди сотко берген.

2017-жылдын 4-июлунда Бишкектин Октябрь райондук соту "Ата Мекендин" юристтерин "жалган маалымат менен президентти каралады, айтылган маалыматтар чындыкка дал келбейт" деген негиз менен 10 миллион сом айып пулга жыккан. Октябрь райондук сотунун чечимин Бишкек шаардык соту 2017-жылдын 18-августунда күчүндө калтырса, 2017-жылдын 30-ноябрында Жогорку Сот да биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунованын мүлктөрүн камакка алган. Камакка алынган мүлктөрдүн арасында автоунаа, батир жана жер тилкеси бар.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
126751;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: