реклама
super.kg logo
  Спорт  

АФК Кубогу: 4 беттеште 4 упай топтогон "Дордой" клубу тайпанын 4-сабында келе жатат

 

Кечээ, 15-майда АФК Кубогунун тайпалык баскычынын 4-турунун алкагында "Дордой" клубу тажикстандык "Истиклолду" кабыл алды. Коноктордун оюнчусу Алишер Жалиловдун голуна Вахыт Оразсахедов менен Мирлан Мурзаев татыктуу жооп кайтарып, жыйынтыгында беттеш 2:1 эсебинде бишкектиктердин пайдасына чечилди.

"Дордой" клубу "Алтын Асыр", "Истиклол" жана "Худжанд" клубдары менен биргеликте D тайпасына туш келген. Аталган клубдар өз ара 2 жолудан беттеш өткөрүп, эң көп упай топтогон команда мелдештин плей-офф баскычына чыгат. Алгачкы турда бишкектик клуб түркмөнстандык "Алтын-Асырды" кабыл алып, беттеш 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. 2 жана 3-турда "Дордой" Тажикстандын клубдары менен конокто оюн өткөрдү. 17-апрелде "Худжанд" командасынан 3:1, 1-майда "Истиклолдон" 4:1 эсебинде жеңилип калган.

Жыйынтыгында 4-оюнда 4 упай топтогон "Дордой" тайпада 4-орунда келе жатат. "Худжанд" клубу да 4 упай топтогону менен, голдордун айырмачылыгы жакшыраак болгондуктан 3-орунга жайгашкан. Ал эми 6 упай топтогон "Алтын Асыр" 2, "Истиклол" 7 упайы менен 1-саптан орун алды.

Алдыда дагы 2 беттеш орун алат. 19-июнда "Дордой" командасы "Алтын Асыр" менен конокто ойносо, 26-июнда "Худжандды" кабыл алат.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
16.05.2019. 12:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
02-12-2018
Соӊку аракети:
24-05-2019 20:06
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тажикстан Туркменистан менен ойнобой эле койсо болбойбу? Наоборот Россия Европа кыйындар мн ойносо опыт ашат.
16.05.2019. 13:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
232
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
25-05-2019 01:32
Жынысы:
Белгисиз
+4
FC-Abdish-ata,Россия,Европа УЕФАда болуп атса кантип ойнойт,Кыргызстан АФКда болсо...Азыр Кубок АФК журуп атат если что))
Тигилер менен жолдоштук беттеш эле откорбосо..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
126839;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: