Бүгүн Жогорку Кеңеште "КТ Мобайл" боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын биринчи отуруму өтөт

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңеште "КТ Мобайл" боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын биринчи отуруму өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына комиссияга кирген депутаттар билдирди.

Депутаттык комиссиянын курамына Жанар Акаев, Сайдолимжан Жураев, Айнура Осмонова, Автандил Кулбараков, Марлен Маматалиев, Курманкул Зулушев, Мирлан Жээнчороев, Алмазбек Баатырбеков, Таалайбек Масабиров, Гүлшат Асылбаева, Зиядин Жамалдинов, Акылбек Жапаров, Алмамбет Шыкмаматов кирди.

Жогорку Кеӊештин 15-майда өткөн жыйынында бир катар депутаттар мамлекеттик "Кыргызтелеком" компаниясына караштуу "КТ Мобайл" компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөргөн. Ошондон улам КСДП жана "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракцияларынын чечимдеринин негизинде депутаттык комиссия түзүлдү. Ал бир ай ичинде депутаттарды өзүнүн иликтөө жыйынтыгы менен тааныштырууга тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан