“Батукаевди бошотуу боюнча дарыгерлерди камабай, чоң "киттерди" караш керек” дейт депутат Жанар Акаев

Кечээ, 16-майда кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге киргизилди. Буга чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген. Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен болчу.
SUPER.KG порталы "Азиз Батукаевди бошотуу боюнча буйрукту бергендер эмес, буйрукту аткаргандар кармалып жатат дегенге кошуласызбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жооп берди.
Ал Батукаевди бошотуу боюнча буйрукту ким бергени ачык суралса туура болмок деген пикирде.
“Менин оюмча, акырындык менен буйрук бергендерге чейин жетет го. Бирок жөнөкөй дарыгерлерден бери камалып жатканы өкүнүчтүү. Алар жогорку жактан ошондой диагноз койсо аткарууга милдеттүү да. Жөнөкөй дарыгерлерди камабай, чоң "киттерди" караш керек. Батукаевди бошотуу боюнча буйрукту ким бергени ачык суралса туура болмок”, - дейт Акаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Аида Исмаилова, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан