“Онкологдор Батукаевдин чыныгы диагнозу менен космоско учса болорун айтышкан” дейт депутат Аида Исмаилова

Кечээ, 16-майда кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге киргизилди. Буга чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген. Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен болчу.
SUPER.KG порталы "Азиз Батукаевди бошотуу боюнча буйрукту бергендер эмес, буйрукту аткаргандар кармалып жатат дегенге кошуласызбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова жооп берди.
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова ошол учурда жасалма диагнозду чыгаруудан баш тарткан дарыгерлер болгондугун айтты.
"Мен бул жагдайда дарыгерлер боюнча айта алам. Окуянын баары диагноз коюудан башталган. Ошол диагноз болбосо, бул нерсе болмок эмес. Менин маалыматым боюнча, дарыгерлерге Батукаевге бул диагнозду коюп бергиле деген сунуштар түшкөн.
Бир онколог менен сүйлөштүм, ал убагында Жогорку Кеңешке келип, комитетке бул боюнча айтып бергенин билдирди. Ал Батукаевдин чыныгы диагнозу менен космоско да учууга боло турганын айткан.
Учурда социалдык тармактарда кармалган дарыгерлерди аяп жатышат, бирок бул сунуштан баш тарткан дарыгерлер деле болгон да. Алар учурда тынч уктап, эч нерседен корккон жок. Ал эми макул болгон дарыгерлер камакка алынып жатат.

Убагында бул маселе Жогорку Кеңештин ичинде каралган. Бул диагноз боюнча каршы аныктама түзгөндөр да болгон. Алар “бул туура эмес, кандын курамы мындай” деп баарын далилдеп беришкен. Учурда ал дарыгерлерде “бизди кармап кетет” деген коркунуч жок. Дагы бир айта турган жагдай Батукаевге ал диагнозду койгондор дарыгер эмес, ишкер болуп кетишкен. Бул чечим болбосо ал чыга албайт болчу, бул анын жалгыз мүмкүнчүлүгү болгон жана ал муну колдонду.
Эгер каршы пикирин айткан дарыгерлер менен өзүм сүйлөшпөсөм, балким, мен дагы социалдык тармактагы колдонуучулардын пикирин колдомокмун.
Диагноздун жасалма экенин далилдеген, бир нече барактан турган аныктама менен өзүм таанышып чыккам. Ал аныктама комитеттин чечимине да кирген. Ал эми ким күнөөлүү экенин тергөө аныктайт", - деди ал.
Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Жанар Акаев, Мирлан Жээнчороев, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан