“Батукаевди бошотууга буйрук бергендер да, аны аткаргандар да теңме-тең жоопкерчиликке тартылышы керек” дейт жарандык активист Адил Турдукулов

Кечээ, 16-майда кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге киргизилди. Буга чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген. Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен болчу.
SUPER.KG порталы "Азиз Батукаевди бошотуу боюнча буйрукту бергендер эмес, буйрукту аткаргандар кармалып жатат дегенге кошуласызбы?" деген соболуна КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов жооп берди.
Ал күнөөлүүлөр жоопкерчиликке ошол убакта тартылбай, бир канча убакыт өткөндөн кийин тартылгандыгы жаман адат деген пикирде.
“Батукаевди бошотуу боюнча буйрукту бергендер дагы, аткаргандар дагы теңме-тең жоопкерчиликке тартылышы керек. Диагноз койгон дарыгерлерден баштап аны бошотууга макулдугун берип, суранган прокурор, чечимди чыгарган соттор, андан тышкары ошол кездеги чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиев баары жоопкерчиликке тартылышы керек. Күнөөлүүлөр жоопкерчиликке ошол убакта эле тартылышы керек болчу”, - дейт Турдукулов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Жанар Акаев, Аида Исмаилова, Мирлан Жээнчороев, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан