Түштүк Кореядагы белгилүү актёр Со Жи Соб сүйүктүүсүн ачыкка чыгарды

Түштүк Кореядагы белгилүү актёр Со Жи Соб өзүнөн 17 жаш кичүү Чо Ын Чон аттуу журналист менен сүйүү мамилесинде экени белгилүү болду. Бул тууралуу 17-майда News1 басылмасы жазды.

Маалым болгондой журналист кыз 2018-жылы март айында "Сени менен бирге болуу" ("Азыр жолугуу үчүн баратам") тасмасында роль жараткан артисттерден маек алган. Тасмада роль жараткан актёр менен журналист ошол күнү таанышып калышкан. Андан соң досторунун жолугушуусунда кезигишип, мамилеси башталган.

Бул боюнча коомчулукка маалымат тарагандан кийин актёр күйөрмандарына кайрылуу жасады. "Мени дайыма жакшы көрүп, колдоп келген күйөрмандарым кабарды кандай кабыл алат деп сарсанаа болдум. Бул боюнча айтуу бир аз кыйын болуп турат, бирок өзгөчө адамымды таптым. Ал мага колдоо көрсөтүп, дем күч берип турат. Мамилебиз жакшы. Мага көрсөткөн ишенимиңиздер үчүн жоопкерчиликтүү актёр болууга аракет кылам", - деп айтылат Со Жи Собдун кайрылуусунда.

Со Жи Соб 41 жашта. Ал "Кечир, мен сени сүйөм", "Каин жана Авель", "Арбак", "Менин Венерам", "Аркамдагы Териус" жана башка көптөгөн сериалдарда жана фильмдерде роль жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kyrgyz-aiym
2019-05-17 22:06:26
41 жаш дейби ыя. Жап жаш го
0
Aza17
2019-05-17 23:25:22
Kyrgyz-aiym, тамеки.насбай чекбейт экен.
+7
rysik79
2019-05-17 23:34:26
Чын журоктон баары бир.
+1
gulzat85
2019-05-18 09:41:19
Эн сонун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан