Улуттук банк "Мобильник" ишканасынын лицензиясын кайтарып алды

Улуттук банк 17-майда "Мобильник" ишканасынын лицензиясын кайтарып алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Буга ишкана банктын жазма буйруктарын жана ченемдик укуктук актыларынын талаптарын системдик түрдө аткарбагандыгы себеп болгон.

"Лицензиялардын кайтарылып алынгандыгы «MOBILNIK» (Мобильник) жоопкерчилиги чектелген коомун өз милдеттенмелерин аткаруудан бошотпойт.

Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын төлөм системинин абалына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тобокелдиктерди азайтуу жана финансы кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча зарыл чараларды көрөт", - деп айтылат маалыматта.

Ушул жылдын 1-февралынан тартып Улуттук банк "Мобильник" ишканасын текшерип баштаган. Текшерүү жүргүзүүгө ишкананы негиздеген эки адамдын ортосунда чатак чыгып, милдеттерин толук аткара албай жатканы себеп болгон. Анда ишкананын лицензиясын убактылуу токтотуу чечими кабыл алынган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан