Жаңы шайланган президент Володимир Зеленский Крым чөлкөмү Украинага кайтарылышы керектигин билдирди. Бул тууралуу ал 19-майда өлкөдө белгиленип жаткан крымдык татар элине жасалган геноциддин курмандыктарын эскерүү күнүнө карата билдирүүсүндө айтты.
"Биз крымдык татарларды оккупациядан бошотобуз деп ишенем. Крымды кайтаруу канчалык көп убакыт албасын, биз крымдык татарлар менен чогуу бул жолдон өтөбүз. Биз биргеликте бул ишти жасайбыз. Эң караңгы түн таң менен аяктаарын унутпагыла", - деди Зеленский.
2014-жылы февраль айында Украинада бийлик алмашкандан кийин Крымдын жашоочуларынын бир бөлүгү Украинанын жаңы бийлигин тааныбай тургандыгын айтып чыгышкан. Референдум өтүп, жыйынтыгында Крым Орусиянын курамына кирген. Киев муну "Орусия Крымды басып алган" деп сыпаттап келет.