"Президент - икона эмес" деп бүгүн, 20-майда Украинанын президенттик кызматына киришүү аземинде Володимир Зеленский айтты. Ал депутаттарга жана чиновниктерге кайрылып, иш бөлмөлөрүнө балдарынын сүрөттөрүн илүүнү сунуштады.
"Абдан суранам, силердин иш бөлмөлөрүңөрдө менин сүрөттөрүмдүн болушун каалабайм, анткени президент - икона эмес. Анын ордуна балдарыңардын сүрөттөрүн илип, ар бир чечим кабыл аларда алардын көздөрүн карагыла", - деди Зеленский.
Володимир Зеленскийдин өмүр баяны төмөнкү шилтемеде.