Дүйнөдөгү сулуу ханайымдардын катарын Украинанын президенти Володимир Зеленскийдин жубайы Елена Зеленская толуктады. Бүгүн жолдошу президенттик кызматка киришти. Инстаграмда жаңы баракча ачкан Зеленскаяны АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп менен салыштыргандар болууда.
Жолдошунун чыгармачылыгын колдоп, бирок өзү коомчулукка аз чыккан Украинанын биринчи айымы жөнүндө 10 фактыны сунуштайбыз.
1. Елена Зеленская 1978-жылы 16-февралда туулган. 41 жашта.
2. Турмушка чыкканга чейинки фамилиясы - Кияшко.
3. Елена менен Володимир 2003-жылы турмуш курушкан.
4. Жубайлар үйлөнгө чейин 8 жыл кыз-жигит болуп жүрүшкөн.
5. Алар бир мектепте жарыш класста окуп, бирок студент кезде таанышышкан.
6. Курулуш тармагында билим алып, бирок иштеген эмес.
7. "Квартал-95" долбоорунда тамашаларды жазып жүргөн.
8. Балык консерваларын чыгаруучу заводдо үлүшү бар.
9. 2 баласы бар. Кызы Александра, уулу Кирилл.
10. Елена алгач күйөөсү саясатка аралашып жатканда каршы болгонун айткан.