Памирлик кыргыздар паспорт алуусу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын тийиштүү деп берген документтерин чогултуп, өздөрү дагы аракет кылуусу керек экенин Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов айтты.
Ал эми Нарын облусунун губернаторунун орун басары Жаркын Ибраева памирлик кыргыздардын жетишкен ийгиликтери тууралуу дагы айтып берди.
"Бизге келген 11 үй-бүлөнүн балдарынын баары билим алып жатышат. Алардын үчөө азыр чет тилин үйрөнүп, жакшы жыйынтыктарды көргөзүүдө. Акыркы убакта массалык маалымат каражаттарында туура эмес маалыматтар тарап жатат. Таштанды таштаган жерде коробка терип жүрүшөт деп жазышууда. Мындай маалыматтар чындыкка коошпойт. Бул жарандардын өздөрү каалап иштегендери да бар. Бирок таштанды терип эмес. Мисалы, мал багып, касапчы болуп. Ошондой эле памирлик кыргыздардын жубайлары уз келишет экен. Эң сонун өрмөлөрдү, саймаларды сайганды билишет. Алардын түшүргөн саймалары менен Нарын облусу көчмөндөр оюндарында 3-орунду алдык. Азыр биз борбордогу сайма, кыргыз орнаменттерин түшүрүп иштеген айымдар менен сүйлөшүп жатабыз. Келечекте иштешип калсак кол өнөрчүлүк жаатында дагы көп ийгиликтер жаралат деген ойдобуз", - деди Ибраева.
Тегерек столдо дагы бир негизги маселе айтылды. Анда миграция мамлекеттик кызматы Памирден кыргыздарды алып келгенде алардын балдарына билим берүү гана каралганын айтып берди.
"Силер бул жакка келгенден кийин гана жер маселеси көтөрүлдү. Башкача айтканда өкмөттө алгач жер маселеси каралган эмес. Болгону билим берүү каралган. Сиздер эми кайрылман статусунун негизинде жарандык паспорт алгандан кийин гана жер, турак жай маселеси каралат", - деди төрага Ибраимжанов.
Азыркы учурда Нарын облусунда Памирден келген 10 үй-бүлө жашап жатат. Тактап айтканда 49 адам. Ал эми алардын баарына кайрылман статусу берилген.