Ырчы Омар жыл башында кыздуу болгон. Акыркы учурда сахнадан алыстай түшкөн ырчы менен бул жолу аталык сезимдери, жаңы жашоосу тууралуу баарлаштык.
“Азыр атасын ыйлаткан кыз, Арушкабыз 3 айга толду. Чоң атасы аруу кыз болсун деп ысымын Арууке койгон. Башында көп деле билинчү эмес, эми жыты чыгып, күлүп калганда жанынан чыккым келбей айланчыктайм”,- дейт Омар.
Ырчынын маегин толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№864, 23-май, 2019-жыл) окуй аласыз.