Бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңеште депутат Мирлан Бакиров памирлик кыргыздар тууралуу маселени көтөрдү.
"Памирден келген кыргыздар боюнча бир топ маселелер болуп жатат. Алардын айрымдары кайра кайтабыз, шарт керек деп жатыптыр. Чоң Алайдан болобу шарт түзүлүп берилиши керек. Алардын турмуш-тиричилиги мал менен өтөт. Памирлик кыргыздар каралбай калгандай маанай жаралып жатат. Алар толук кандуу Кыргыз мамлекетинин жараны боло элек, макулдашуу менен келишкен. Балдарын окутуп, кайра жөнөтүүгө шарт түзүп берүү зарыл", - дейт Бакиров.