Көрүүнү лазердик коррекциялоо: көрүүңүздү 15 мүнөттө калыбына келтиребиз!

Көз айнек сизге абдан жарашса дагы, аны кийбей койгуңуз келет. Ал эми көздү ыңгайсыз, кургап калгандай кычыштырып жаткан контакттык линзаларчы! Көз айнектен жана контакттык линзалардан баш тартып, дүйнөнү даана көргүсү келген адамдарды кубанта турган жаңылык – КӨРҮҮНҮ ЛАЗЕРДИК ЫКМА МЕНЕН КОРРЕКЦИЯЛООГО болот. Бул алысты көрбөө, жакынды көрбөө жана астигматизм ооруларын айыктыруунун эң натыйжалуу ыкмасы.

Эч ооруну, ыңгайсыздыкты сезбестен 15 мүнөттүн ичинде көз айнектен кутула аласыз: сиздин көздөрүңүздү техникалык жабдылышы жана хирург-офтальмологдорунун профессионалдык деңгээли боюнча Кыргызстанда аналогу жок “Офтальмологиялык лазердик борбордо” “жаңыртып” беришет! Албетте, кайсы гана болбосун клиниканын негизги баалуулугу – дарыгерлер. Клиникада ысымдары дүйнөгө таанымал болгон дарыгерлер, медицина илимдеринин кандидаттары, катаракталык жана рефракциялык хирургдардын Европадагы ассоциациясынын (ESCRS) мүчөлөрү Ким Владимир Ухенович жана Ремесников Игорь Александрович операцияларды жасашат. Өзгөчө сыймыктана турган - инновациялык операциялык жана диагностикалык жабдуулардын мүмкүндүктөрү алдыдагы келечек жөнүндө фантастикалык фильмдерди эсибизге салат.

“Офтальмологиялык лазердик борбордогу” бардык операциялык жана диагностикалык жабдуулар - дүйнөлүк лидерден алынган жана “жапжаңы”, башкача айтканда, эң акыркы муундагы лазерлер! Мисалы, бейтаптар көрүүнү лазердик ыкма менен коррекциялоого чейин акыркы муундагы Oculyzer II жана TopoLyzer VARIO (WaveLight AG Германия) диагностикалык аппараттарында текшерүүдөн өтүшөт. Мындай жабдуу Батыш Европанын жана АКШнын алдыңкы клиникаларында колдонулат. Бул деңгээлдеги жабдуулар, атүгүл, кыргызстандык медтуристтер жактырып баруучу Түркиянын жана Индиянын бардык эле офтальмологиялык клиникаларында жолуга бербейт. Ошол эле убакта бул өлкөлөрдө дарылануу кымбатыраак турат.

Көрүүнү лазердик коррекциялоого чейинки бул эки изилдөө – көрүүнү лазердик коррекциялоонун коопсуздугун жана тактыгын жеткиликтүү камсыздоонун эки эселенген диагностикалык контролу болуп саналат. Бейтаптын көзүнүн түзүлүшү жөнүндө алынган бардык маалымат локалдык интеграциялуу тутум боюнча операциялык лазерге берилет. Адамдын ар бир көзү бармактардын издери сыяктуу уникалдуу жана кайталангыс болгондуктан көрүүнү лазердик коррекциялоо учурунда “көздөрдү алмаштырып алуу” сыяктуу жаңылыштыктардын болушу эч мүмкүн эмес. Эгерде операциялык лазерге “башка көз” туш келип калса, болгону, акылдуу техника иштебейт.


Лазердик коррекцияга 10 мүнөткө жакын убакыт талап кылынат. Клиникада болуунун жалпы убактысы – бир саатка жакын жана бейтап ошол эле күнү үйүнө чыгарылат. Негизгиси, көпчүлүк учурда операциядан кийин бейтаптын көрүүсү дароо толугу менен калыбына келе баштайт. Лазердик коррекциялоодон кийин дарылоонун натыйжасы өмүр бою сакталып кала берет!

Өзүңүз көргөндөй, жогорку деңгээлдеги офтальмологиялык жардамды алуу үчүн чет өлкөгө баруунун зарылдыгы жок. Ал жардамды “Офтальмологиялык лазердик борбордон” алууга болот. Көрүүңүздү жакшыртуу жөнүндөгү кыялыңызды создуктурбай ишке ашырыңыз, ошондо дүйнөнү кайрадан өз көзүңүз менен көрөсүз!

Дареги: Бишкек ш., Чыңгыз Айтматов кең көчөсү, (мурдагы Тынчтык проспекти) 299/1.

Биздин байланыш: 0312 97 60 07, 0704 00 91 93, 0559 013 025, 0770 099 100

E-mail: info@olc.kg Сайт: www.olc.kg @olc_bishkek, Fb@olc.kg

ОЛЦнын пациенттеринин пикирлерин www.olc.kg сайтынан жана YouTube, OLC Bishkek каналынан караңыз. https://www.youtube.com/channel/UCTbQeT74huJL-7JY7_qQSiw


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан