Бүгүн, 24-майда Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында жол кыймылынын эрежесин бузуулар үчүн айып пулдардын өлчөмү боюнча маселе каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы өкмөт өкүлдөрү жасайт. Жыйын саат 10:00дө башталат. Мындан тышкары жыйында башка маселе каралбайт.
Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жол эрежесин бузуу боюнча айып пулдарды тууралоо маселесин изилдеп чыгууну тапшырган.