Орусияда турмушка жаңы чыккан кыргыз келин каза болду. Ал акыркы жолу таанышына "бир өлүмдөн калдым" деп айткан

Маркум Зарина К. жана анын
20 күн мурун баш кошкон жолдошу.

Орусияда Зарина.К. аттуу 40 жаштагы келин 20 күн мурун турмушка чыккан. Анын жансыз денеси 19-май күнү өзүнүн батиринен табылды. Маркумдун жакын курбусу болом деген Айсулуу Уразова SUPER.KG порталына окуя тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.

Уразованын айтымында, курбусу 19-май күнү саат 17:00 чамасында каза болгон.

"Мен акыркы жолу курбум менен 17-май күнү сүйлөштүм. Ал мени үйүнө чакырып, сага "сюрпризим" бар деди. Мен анын турмушка чыкканын уккан эмесмин. Ал мага ошону сүйүнчүлөмөк окшойт. Мен 20-майда бошой турганымды айтып, ошол күнү жолукмай болдук. Заринанын үйүнө барайын деп даярданып жатсам, таанышым телефон чалып "аны өзү жашаган батиринде өлтүрүп кетиптир" деп угузду. Курбум 19-май күнү сиңдиси менен сүйлөшүп, ага саат 16:00 чамасында акча которуптур. Ошол акча которуу жайында жүрүп бир тааныш балага "мен бир өлүмдөн калдым" деп айткан экен. Ошондон кийин үйүнө барып эле өлүм таап жатпайбы.

Курбумдун күйөөсү ошол күнү Заринанын кызынын үйүнө барыптыр. Бактыга жараша, үйүндө кызы жалгыз эмес, эжеси экөө болгон. Ал үйгө кирип эле "апаң сейфтен дарыларымды алып кел" деп жиберди" деп сейфти ачып ичиндегинин баарын алып кеткен экен. Эми ошондо деле курбумдун кызы кичине болуп калды да. "Апам сейфтин ачкычын эч кимге берчү эмес эле, буга кандайча берип калды" деп апасына телефон чалууну деле ойлобоптур. Ошондон бир аз убакыттан кийин эле апасынын каза болгонун уккан.

Айсулуу Уразова маркум курбусунун жаңы баш кошкон жолдошун 2012-жылдан бери тааный турганын айтат.

"Күйөөсү Баткен облусунун Кадамжай районунан болот, өзү Чүйдөн. Ал Москва шаарында таксист болуп иштечү. Курбум аны дайыма такси керек болгондо чакырып калчу. Заринанын эжеси ыйлап айтып жатат. Анын айтымында, Зарина күйөөсү экөө 20 күн мурун нике кыйдырып үйлөнүшкөн. Ал эми Заринанын мурунку турмушунан 2 баласы бар. Маркум бир уул, бир кызын жалгыз тарбиялап чоңойтту. Анын Москвада өзүнө тиешелүү бизнеси бар болчу. Ошондой эле апасы, кызы, сиңдиси, байкелеринин баары Москвада жашайт. Ал Бишкекте окуган баласынын "Акыркы коңгуроо" кечесине барам деп жүргөн.

Курбум тигил адамга турмушка чыккандан кийин өзүнчө батирде жашап жатышкан экен. Ал эми анын денесинде эч кандай жаракат жок. Оозунда чүпүрөк жабылган боюнча калган. Үйүндөгү бардык акчаларды, жадакалса телефонун дагы алып кеткен. Бул кандайдыр бир шек жаратпайбы? Маркумдун туугандары бул факты боюнча полиция кызматына арыз жазды", - деди ал.

Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Москвадагы диаспорасынын өкүлү Феликс Саадабаев маркумдун сөөгү кечээ, 23-майда мекенине жөнөтүлгөнүн айтат.

ИИМдин маалымат катчылыгы билдиргендей, каза болгон келиндин денесинде кыйноонун белгилери жок. Анын киши колдуу же башка себептер менен каза болгону дайындалган экспертизанын жыйынтыгынан кийин билинет. Өлүмдүн себептери азырынча белгисиз болгондуктан бирөө-жарым кылмышка шектелип, издөө жарыяланган эмес. Ал эми каза болгон Зарина.К. Орусиянын жарандыгын алган.

Орусияда батирден келиндин жансыз денеси табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Kuba-savai87
2019-05-24 12:36:56
Вообще тушунгон жокмун жакшына жазгылачы ээ Шектелип жаткан курбумдун күйөөсү ошол күнү Заринанын кызынын үйүнө барыптыр. Бактыга жараша, кызы жалгыз эмес, жанында анын эжеси бар болгон. Ал үйгө кирип эле "апаң сейфтен дарыларымды алып кел деп жиберди" деп сейфти ачып ичиндегинин баарын алып кеткен экен. Эми ошондо деле курбумдун кызы кичине болуп калды да. Болбосо "апам сейфтин ачкычын эч кимге бербейт эле, буга кандайча берип калды" деп апасына телефон чалууну деле ойлобопт
+8
katerina.li
2019-05-24 13:26:44
Kuba-savai87,тушунуктуу эле болуп жазылып турат ко. Мээн жетпей жатканго андан коро
0
bekos2012
2019-05-24 15:38:07
katerina.li,Ооба, баары түшүнүктүү эле го, о мээң менен деп урушуп койда kuba-savai87ни
0
Djal1987
2019-05-25 03:16:58
Kuba-savai87,тушунуктуу эле болуп турат
-1
Kyrgyz_bloger
2019-05-24 12:45:32
Суротун коргозбогонуно караганда куйоосу кыргыз эмес го дейм
-6
katerina.li
2019-05-24 13:28:23
Kyrgyz_bloger,кыргыз эле болуп турат. Тергоо болуп аткан учурда суротторун коргозбойт. Эмне кыргыздардан мыкаачы чыкпайт бекен. Ар куну бирден жок дегенде олтурду деген жанылык окуп калдыкго
+4
deva
2019-05-24 14:27:06
Куйоосу шектуу
+7
Farkhat07.05.89
2019-05-24 14:43:06
Ошондо куйоосу каякта?Ал жонундо соз жокко
+8
Take_men
2019-05-24 15:10:22
Күйөөсү Зарина акча которгонун билбей калып акча сейфте деп ойлогон окшойт. Эмнеге күйөөсү жөнүндө маалымат жок? Номер 1 шектүү күйөөсү да
+10
Sajakat14
2019-05-24 18:39:59
Акча деп адамдар өлөйүн деп калышканго.
+3
warcaw
2019-05-24 19:05:25
Билип билбей бирөөнү күнөөлөгөнда күнөө, орозо күнүндө жакшы сөздөрдү гана сүйлөйлү.
-2
Djal1987
2019-05-25 03:18:13
Суудан кургак чыгып кетпегидей эле кылмышкер
+1
radostmoya
2019-05-25 09:17:50
Тумчуктуруп өлтүрүшү мүмкүн...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан