super.kg logo

УКМК "Атамбаевдин иш бөлмөсүндөгү тыңшоочу жабдууларга тиешебиз жок" дейт

 

"Форумда" экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана Фарид Ниязовдун иш бөлмөлөрүндө тыңшоочу жабдуулардын орнотулушуна УКМКнын тиешеси жок. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

"Айрым саясатчылар өздөрүнө пиар жасаш үчүн атайын кызматтардын дарегине негизсиз айыптарды тагууда. "Форумдун" өкүлдөрү тиешелүү мекемелерге кайрылууга укугу бар, УКМК өз кезегинде жардам көрсөтүүгө даяр", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 24-майда Бишкекте "Адилеттүүлүк үчүн" комитети УКМКнын орду жана реформасына арналган тегерек столдо КСДПнын мүчөсү Адил Турдукулов "Форумда" тыңшоочу жабдуулар коюлганын айтты. "Форумда" биз бир электрик менен иштешчүбүз. Кийин ал УКМКнын кызматкерлери менен кызматташып келгени аныкталды. Ал "Форумда" тыңшоочу аппарат койгон. Ал жерде экөө коюлган. Анын бири Алмазбек Атамбаевдин, экинчиси Фарид Ниязовдун иш бөлмөсүнө коюлмак. Бирок "Форумдун" техникалык кызматкери бул тууралуу билдирип, аны өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырган адам мажбурлаганын билдирген", - деди Турдукулов.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.05.2019. 12:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
168
Катталган:
28-01-2017
Соӊку аракети:
27-06-2019 12:39
Жынысы:
Белгисиз
-3
Адиль сен туура эмес жолдо баратасында башка партияны тандасан болмок ал эми прослушка бул өзүнөрдүн эле шоунар элди келесоо ойлойт окшойсунар Атамбаевдин убагында кандай гана корупция болгонун эл унуталек Тарых мухейи ТЕЦтеги корупция айта берсе коп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
128149;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: