Экс-президент Алмазбек Атамбаевди тыңшоо токтобогондуктан ал уюлдук телефон колдонуудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда маалымат жыйынында "Апрель" фондунун башчысы Фарид Ниязов билдирди.
"Бизди тыңшап жүргөндөрүн билебиз. Экс-президенттин телефонун тыңшап, андагы сүрөт жана башка маалыматтардын баарын билип турушчу. Андай аракеттер тыйылбагандыктан Алмазбек Атамбаев уюлдук телефон колдонбой калган", - деди Ниязов.