Түркияда кыргыз аялды унаа сүзүп кетип каза болду. Маалыматты SUPER.KG`ге каза болгон аялдын кошунасы тастыктады.
Маалым болгондой, окуя 22-май күнү болгон.
"Анкара шаарында жолдон өтүп бара жатканда катуу ылдамдыкта келе жаткан такси кошунабызды сүзүп кетиптир. Жыйынтыгында ал ооруканада каза болуп калыптыр. Учурда бир туугандары сөөктү алып келүүгө камынып жатышат. Бүгүн-эртең келип калышат.
Каза болгон адамдын аты Гүлмира, 46 жашта. Кемин районундагы Кичи-Кемин айылында турушчу", - деди кошунасы.