25-майда кино дүйнөсүндөгү эң беделдүү кароолордун бири болгон Канн кинофестивалы 72-ирет өтүп жыйынтыкталды.
Быйылкы жылы "Алтын пальманы" түштүк кореялык режиссёр Боң Жун Хонун "Паразиттер" деген киносу алды. Мындай чоң сыйлыкты аталган кинофестивалда Корея Республикасы биринчи жолу алып жатат. "Паразиттер" тасмасында бай жана жакыр эки үй-бүлөнүн мүчөлөрү тууралуу баяндалат.
Фестивалдагы экинчи башкы сыйлык - Гран-при франциялык режиссёр Мати Диоптун "Атлантика" аттуу киносуна ыйгарылды.
Мыкты режиссёр номинациясында "Жаш Ахмед" деген кинону тартышкан бельгиялык ага-ини Дарденндер аталышты.
Эркектин мыкты ролу сыйлыгы Антонио Бандераска, ал эми аялдын мыкты ролу сыйлыгы Эмили Бичемге берилди.
Ал эми фестивалдын башкы күтүүсүз жаңылыгы - атактуу режиссёр Квентин Тарантинонун колу кур калгандыгында болду. Ал бул кароого "Бир жолу Голливудда" деген тасмасын алып келген эле. Андагы башкы ролдорду Леонардо Ди Каприо, Брэд Питт жана Марго Робби аткарышкан.