"Универсал" командасынын 25 жаштагы оюнчусу Актилек Акыл уулу жакында эле айылдык кеңешке депутат болуп шайланды. "Зеленскийдин президент болушу менин буга чейинки максатымды ишке ашырууга түрткү болду" деген Актилек SUPER.KG порталына буларды айтып берди.
"Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешине депутаттарды шайлоо 19-майда болгон. Анда 33 талапкердин ичинен айылдык кеңешке 9 депутат шайланды. Мен Отуз-Адыр айылынын Зымырык участогунан эң көп добуш топтодум. Жыйынтыгында 9 депутаттын ичинен 5-саптан орун алдым. Буюрса, 3-июнда мандаттар тапшырылып, ишке киришебиз. Максатым - айылдын маданиятына салым кошуп, спорт тармагындагы ийгиликтерди арттыруу", - дейт ал.
Актилек Акыл уулу 1994-жылы 18-августта Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айылында төрөлгөн. Отуз-Адырдагы №12 орто мектепти аяктагандан кийин Ош технологиялык университетинин автоунаа факультетинде инженер-механик адистиги боюнча билим алган.