28-май күнү Бишкек шаарында №48 мектептин эки окуучусунун ортосунда мушташ орун алып, 9-класстын окуучусу 16 жаштагы Н. каза болду.
SUPER.KG бул окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн аталган мектеп гимназияга барды. Тилекке каршы, ал мектепке кирүүгө мүмкүн болгон жок.
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын инспектору Сайкал Садыбакасова окуя тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
"Окуя болгон жерге Биринчи Май РИИБинин ыкчам-иликтөө тобу барганда, Бишкек шаарынын №48 мектебинин короосунда эки окуучу мушташып кеткендиги аныкталган. Өспүрүм мушташтан кийин үйүнө барган бирок өзүн жаман сезгенинен улам тез жардам кызматы аркылуу ооруканага түшүп, эртең мененки 7:00 чамасында каза болгон".
№3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков окуучу жаракат алган соң 5 сааттан кийин гана дарыгерлерге кайрылганын жана окуя кандай катталганы жөнүндө айтып берди.
"Бул бала кечки саат 19:00 чамасында жаракат алган, бизге түнкү саат 00:00 чамасында алынып келген. Оорусунун тарыхын жазып жатканда классташ балам сабап салды деп айткан экен. Баланын баш мээси чайкалып калган, ата-энеси алып кетебиз, жеңил эле экен дегенде биздин кызматкерлер алып калышкан. Себеби эрежеге ылайык, баш мээ чайкалган болсо коё бере албайбыз. Ооруканага жаткырылган түнү саат 02:00дө ИИМден да өкүлдөр келген. Алар менен да жакшы эле сүйлөшкөн. Таңкы саат 06:00дө анализдерин алганбыз, андан кийин саат 07:00дө ойготолу деп барышса абалы оорлоп баратыптыр. Дароо реанимацияга котордук. Тилекке каршы, 40 мүнөт ичинде бала каза болуп калды", - деди Өмүрбеков.