Бишкектеги 8 көчөгө 1 идиши 800 сомду түзгөн гүлдөр отургузулду. Бул тууралуу "Бишкек жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын басма сөз катчысы Аида Айдаралиева билдирди.
Гүлдөр тегерек идишке отургузулуп, бийиктиги 2 метр болгон каркаска илинген. Ар бир каркаста 8 вазон бар.
"Гүлдөрдү отургузуу Бишкек шаарындагы Аска-Таш комплексинен башталган. Андан кийин Чыңгыз Айтматов, Жибек Жолу, Абдрахманов, 7-апрель, Фучик кең көчөлөрүнө, Түштүк магистраль, Профсоюз, Фрунзе жана Медеров көчөлөрүнө идиштеги гүлдөр коюлду. Ага жалпысынан 170 даана идиштеги гүлдөр керектелген. Идиштеги гүлдөрдүн ар бири тендер аркылуу 800 сомдон алынган. Шаарды көрктөндүрүү үчүн бир жылдык петуния гүлдөрү отургузулган", - деди маалымат катчы.