Талас. Облуста шайлоого Бакай-Ата району активдүү катышып жатат
Талас
шаарында саат 10:00гө карата шайоочулардын 6578и
же 5,8% жашоочу добуштарын берип бүтүштү. КРнын Өкмөтүнүн Талас облусундагы
ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы М.Суранчиевдин айтымында, шайлоого
Бакай-Ата району активдүү катышып жатат. "Облус боюнча бардыгы болуп 110
шайлоо участкалары иштеп, 114221 шайлоочу катталган. Облус боюнча шаардык жана жергиликтүү кеңештерге жалпы 1972 талапкер 475 мандатка ат салышып жатышат. Облуста абал бир калыпта. Шайлоочулар активдүүлүгүн көрсөтүшүүдө”,- дейт катчы.