Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу. Аида Салянова 26-июнга чейин камакка алынды

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кайра каралып жаткан иштин негизинде кармалган мурдагы башкы прокурор Аида Салянова 26-июнга чейин камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн, 5-июнда Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Соттун чечимин уккан Салянованын тарапташтары соттун имаратынын алдында ызы-чуу чыгарышты.

Окуянын чоо-жайы:

16-майда Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге киргизилген. Ага чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген. 21-майда мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов да кармалып, 26-июнга чейин камакка алынган.

Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен болчу. 2013-жылы башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып, "айыккыс дартка кабылган адамдын" абактан бошотулушу мыйзамдуу деп айткан. "Биз, бизде бар мыйзамдар менен иштедик. Эгер сиздер мыйзамдагы уурунун иши башкача, башка адамдардын иши өзүнчө каралышы керек десеңер, ошондой мыйзам кабыл алгыла. Биз ошого карата иштейбиз", - деген ал.

Аида Салянова 26-июнга чейин камакка алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Gulnyr19
2019-06-05 18:44:59
Ким кандай оюн ойноп баштады буларда буйрукту аткарганда буйрук берген адамды кармагыла биринчи
+2
Kylychisa
2019-06-05 18:59:26
Эчкимдин эки башы жок бироо турат башында ошону кармаш керек дегенго Текебаев
+2
Almaz.bim
2019-06-05 19:01:02
Через через болуп бир болсо Атамбаевге барып такалатго.Ошол кезде Салянова катуу курч суйлоп атпады беле Жапаровдуда камап,аттин озунун артын ойлогон эмесда.Бирок мыйзам алдында жооп берсин оз жазасын алсын.
+4
rysik79
2019-06-05 19:45:31
Аида Салянова генпрокурор болуп турганда Аша менен ызылдашып ашмалтайы чыккан. Прокукорлукту Аида тапшырып берип соттолгон. Эми ошондогу обиданды токпой чачпай айтып бер деп камап коюшту Аидаханды. Ашага бир болсо Аидахан корсотмо берет. Шантаж деген сериал башталды.
+1
chikakorea
2019-06-06 03:23:48
Аттин бизде тендик, калыстыктын жоктугу окундурот. 1 миллион деп Текебаевди камаган эле, 700 миллиондун башы кылтыйса да ун катпанан бийликке баракелде. Ким, атын айткыла коррупция менен мен курошом деген башчыбызга баракелде. Карапайым элдин тынч жашоосун оздорун кызыкчылыктарына аралаштырган ар бир саясатчы соройлорго баракелде. Тегерегин карасан баары эле бири-бирине байланган жеп жутарлар. Элди ойлогон эч кимиси жок. Шашпагыла кылган ишинерге жооп берчу кун дагы алыс эместир.
+2
Anti-S
2019-06-06 05:01:17
Куноосун мойну менен тартсын Аида айым. Апасы жаман болуп жатат дешип атат. Аида айымдын агасы бир жаш кыздын олумуно себеп болсо да кутулуп кеткен го. Кайтаар дунуйо. Ар бир инсан кылган куноосуно жооп берет
0
eddi.
2019-06-06 10:31:53
Салянованын сериалы бүтпөдү да калбады,күнөөсү болсо камасын да,АШАны кошуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан