Орок айылы дагы деле милиция кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүүдө

Тектеш кабарлар: Орок айылында чыккан жаңжалдын чоо-жайы (32 материал)

Орок айылы дагы деле милиция кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 7-июнда ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, айылда абал тынч.

"Дагы канча күн милиция кызматкерлери тарабынан айыл көзөмөлдөнөт так айта албайм. Азырынча айылдын аймагы укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп турат", - деди Орозалиев.

Белгилүү болгондой, милиция кызматкерлери 5-июнь күнү Орок айылында чыккан жаңжалдан бери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Окуянын чоо-жайы:

5-июнь күнү болжол менен саат 08:30 чамасында Орок айылында жайгашкан мечиттен Айт намазы окулуп, андан чыгып бара жаткан 3 өспүрүм бала бири-бири менен уруша кетишкен. Уруштан 2 өспүрүм жабыркап, ооруканага жеткирилишкен. Мындан соң урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул учурда 2 тараптан мыйзамга жат келген иш-аракеттер жасалып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн. Башаламандык уюштурууга шектелип 30дай киши Сокулук РИИБине жеткирилген. 6-июнь күнү айылдын ичине жергиликтүү тургундар чогулуп, маселени чечүүнү талап кылышкан. Бийлик өкүлдөрү тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ынтымакка келүү чакырыктары айтылган. Бирок айылдын тургундары буга макул болушкан жок. Алардын айтымында, жергиликтүү бийлик маселени чечпестен эле тарап кетишкен.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bars88
2019-06-07 13:45:21
Орок окуясы дагы сулуулар конкурсу болуп кетти.Кыргызстанда ким сулуу экенин билип алдык.Эми сулуулар кузгуго каранганда кузгу кузгу ким сулуу деп калышат
+2
Bek88kg
2019-06-07 15:24:05
Айт куну урушат деген бул эмнеси жаш балдар урушса чондор кой деп койотко кайра эки тарап болуп урушпастан уят уят уят бир айыл болуп урашкан. Ааламга атагын чыкпаса токойго орт кой дегени ушул экенда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан