"Улуу Жеңиш!" кайрымдуулук марафонунун жыйынтыгы (фото)

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 74 жылдыгына карата О! Мобилдик оператору тарабынан өткөрүлгөн "Улуу Жеңиш!" кайрымдуулук марафонунун жыйынтыгы чыгарылды. Бул марафон бир нече жылдан бери кыргызстандыктардын – бизге тынчтык тартуулагандарга жардам берүү ниетинин алдында топтогон жакшы саамалык болуп калды. О! Мобилдик операторуунун миңдеген абоненттери улуу муунга ыраазычылыгын билдирип, УАМдик согуштун ардагерлерин колдоого 20 сом которуу менен 1945 кыска номерине SMS жөнөтүштү.

Быйыл бул кайрымдуулук марафону 12-апрелден 15-майга чейин өттү, жыйынтыгында 76 миң 380 сом топтолду. Бардык О! абоненттеринин атынан топтолгон акча каражаттары “Кыргыз Республикасынын согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин "Республикалык Кеңеши” коомдук бирикмесине Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин катышуусу менен тапшырылды. Салтанатка катышкан бардык баатырлар акча каражаттары салынган конверттерди алышты. Жеке өздөрү келе албай калган ардагерлер жакын арада акчалай белектерин алышат.

Ардагерлер да өз ара өткөн өмүрүнө байланыштуу окуялар, акыркы жаңылыктар менен бөлүшүп, зор кубануу менен баарлашышты.

Жандуу тарых – Польша менен Германияны куткарууга катышкан Гасанов Асад Гасанович (1921-жылы туулган) көптөгөн аскердик эмес дагы наамдарга ээ, ал "Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген куруучусу", "ардактуу жолчу", "Бишкек шаарынын ардактуу атуулу". Жаштардын аскердик-патриоттук тарбиясы менен Улуу Ата Мекендик согуштун музейин бүгүнкү күндөгү эң маанилүү нерселер деп эсептейт: "Жаштарга болгон окуяларды биз айтпасак, ким айтат!". Асад Гасанович мурункудай эле тың, жакында 98 жашын белгилейт деп айтпайсың. Меймандардын арасында Ленин райондук ардагерлер уюмунун төрайымы Касатых Валентина Андреевна да бар эле. Ал фронтко 16 жашында кеткен. Легендарлуу "Смерш" контрчалгындоо уюмунда чалгынчы болгон.

Салтанаттуу бөлүктөн жана акча каражаттарын тапшыруу аземинен кийин ардагерлер бардык О! абоненттерине чын дилдеринен ыраазычылыктарын билдиришти.

Ардагерлерди колдоо менен биз тарыхый эс-тутумду жана муундардын ортосундагы үзгүлтүксүз байланышты сактап калабыз. О! Мобилдик оператору марафонго катышкан ар бир кишиге чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан