Сокулук районуна караштуу Орок айылында Айт намаз учурунда өспүрүмдөр мушташып, 2 бала ооруканага жаткан. Өспүрүмдөрдүн бүгүнкү күнгө карата абалы тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги буларды билдирди.
"№3 Балдар ооруканасында жаткан 2 өспүрүмдүн абалы канааттандырарлык. Учурда дагы деле ооруканада дарыланып жатышат", - дейт маалымат кызматынан.
5-июнда Чүй облусунун Орок айылында Айт намаз учурунда эки өспүрүм катуу сабалган. Алардын бири 15 жаштагы Тимур №3 Балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө, ал экинчиси аталган оорукананын травматология бөлүмүндө жатканы маалымдалган.
Айт намаздагы өспүрүмдөрдүн мушташынан улам жергиликтүү тургундар арасында жаңжал чыккан.