super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 12-ИЮНЬ: Бразилияда түшүм бышкан мезгил, сүйүшкөндөрдүн күнү

 

Бүгүн, 12-июнда бразилиялыктар сүйүү күнүн белгилешет. Махабат майрамынын июнь айында белгиленип калгандыгынын бир канча себептери бар. Биринчиден, Бразилияда июнь айында түшүм жыйналат, жүгөрү, төө буурчак жана башка бразилиялыктардын дасторконуна маанилүү болгон дандар бышат.

Экинчиден, 13-июнь - жергиликтүүлөр бактылуу никенин колдоочусу деп эсептелген Антониянын күнү. Жаштар Антония мыкты өмүрлүк жар табуу тилегин орундатат деп ишенишет.
Көпчүлүк өлкөлөрдө февраль айында белгиленген сүйүү күнү аталган өлкөдө жай айына коюлуп калгандыгынын дагы бир себеби - февраль айы Бразилияда карнавал салтанаттары өтүүчү мезгил. Бразилия шаңдуу карнавалдарды өткөргөн өлкө катары белгилүү болгондуктан бул эки майрамды бир айда белгилөө мүмкүн эмес болгон. Махабат майрамы бул өлкөдө 1940-жылдан тартып белгиленет. Сан-Паулулук Жоау Дориа деген жарнама таратуу кызматкери соода жакшы жүрбөй калган бул мезгилде соода жүргүзүүнүн амалын ойлоп, бул датаны сүйүшкөндөр майрамы катары белгилөөнү сунуштаган. Анын сунушу кабыл алынгандан тартып бразилиялык сүйүшкөндөрдүн жана соодагер, тамактануучу, эс алуучу жайлардын ээлери үчүн жагымдуу күн катары белгиленип келет.
12-июнга карата жылнаама.


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
128149;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: