super.kg logo

Аида Салянованы СИЗО-1де камакта калтыруу чечими күчүндө калды

 

Бүгүн, 12-июнда Бишкек шаардык сотунда мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасы жактоочуларынын берген арызынын негизинде каралды. Соттук отурумда Биринчи Май райондук сотунун Салянованы 26-июнга чейин абакта кармоо чечими күчүндө калтырылды. Маалыматты экс-депутат Асия Сасыкбаева SUPER.KG'ге тастыктады. Аида Салянованы 5-июндагы соттук отурумда Биринчи Май райондук соту 26-июнга чейин СИЗО-1ге камакка алуу чечимин чыгарган.

Экс-депутат Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча "коррупция" беренесинин негизинде айыпталууда.

Сасыкбаеванын айтымында, соттук отурумга бүгүн Салянова өзү келе алган эмес.

"Ал бүгүн ден соолугуна байланыштуу соттук отурумга келе алган жок. Анын жактоочуларынын катышуусунда бүгүнкү ишти сот карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Өзүңөр билгендей, Салянованын кичинекей кызы бар, ден соолугу да жакшы болбой жатат. Мындан улам жактоочулардын үй камагына чыгаруу өтүнүчү дагы канааттандырылган жок. Ошондой эле Аида Жеңишбековна иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча иште дагы жактоочулук кылып жаткан. Учурда бул иш дагы сотто каралбастан токтоп турат", - деди Сасыкбаева. Экс-депутат белгилегендей, жаңы кодекстеги мыйзам боюнча, жактоочулар кайрадан апелляциялык арыз берүүгө укугу жок.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
128149;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: