Жогорку Кеңеште укук коргоо органдарынын кызматын реформалоо боюнча мыйзам долбоору жактырылды

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңеште укук коргоо органдарынын кызматын реформалоо боюнча мыйзам долбоору каралды.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдиргендей, мыйзам долбоору укук коргоо органдарынын системине жүктөлгөн милдеттерди аткарууга, оптимизациялоого, укук коргоо органдарына кызматка алууда ачык-айкын болууга багытталган. "Мыйзам долбоору укук коргоо кызматын модернизациялоого, кызматкерлерди кесипкөй тандоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндөгү укук коргоо органдарында саясий кызматтарды ээлеген адамдарга карата жайылтылат", - дейт Асанов.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан