12-июнда Бишкектеги тойканалардын биринде белгилүү ырчы Анжелика 30 жашына арналган юбилейлик концертин өткөрдү.
Концерт белгиленген убагынан 2 жарым саатка кеч башталды. Концертти көрүүгө келген ар бир айым кече көйнөгүн кийип, чачын жасалгалап, кадимки тойго келгендей жасанып келишти. Залда ырчынын ата-энеси, бир туугандары, чыгармачылыктан тапкан достору да отурду. Ырчы концертин "Айта берем" чыгармасы менен ачты. Зал толо келген коноктор Анжеликаны кол чабуулар менен тосуп алышты.
Эки ырды катарынан аткарган ырчы айым чыгармачылыгын колдоп келген ар бир күйөрманына ыраазычылыгын билдирип, "18 жашымда ушундай кече өткөргүм келген, бирок мага 30 жашымда буйруптур" деп концертти расмий түрдө ачты.
Шоу башталгандан тарта ырчыга кулач толо роза гүлдөр берилип баштады. Анжелика гүл берген ар бир күйөрманы менен сүрөткө түштү. Биринчилерден болуп ырчыга гүл берген Анжелика аттуу күйөрманы белекке ээ болду. Тагыраагы, ырчы кичинекей күйөрманына кийип турган формасын тартуулоону убадалады.
Анжеликаны куттуктап Казакстандан "Ринго" тобу жана жакын курбусу Айдана Меденова келди. Ырчыны курбусу туулган күнү менен куттуктап, эки ырын аткарды. Андан соң эки ырчы достугун даңазалаган "Курбум" аталышындагы жаңы ырды элге тартуулашты.
Ырчы айым концерттин экинчи бөлүгүндө ырларын жандуу үн менен ырдап берди. Анын ырларын Бек Исраилов, Айя Садырова, Талант Кадыров, Толгонай Арзыкеева кошо ырдап, туулган күнү менен куттукташты. Ырчы "Энекебай" ырын апасына кучак толо роза гүлүн берүү менен баштады. Эне-бала бул ыр жаңырып жатканда ыйлап алышты. "Ыйлабайбыз деп сүйлөшкөнбүз" деген ырчы көзүнүн жашын токтото албай ырдын экинчи куплетин ырдай албай калды. Ыр аяктап сахнага Анжеликанын ата-энеси жана инилери чыгып: "Кызыбыз кичинесинде пианино белекке алгысы келчү, биз бүгүн кыялын ишке ашырабыз", - деп пианино тапшырышты. Буга чейин ырчыга чыгармачылыктан тышкары иштеген жеке компаниясы бир жыл бою каалаган өлкөгө акысыз саякаттоо сертификатын тапшырган. Ырчы бул белегин ошол жерден "бир жыл бою силер саякаттап келгиле" деп ата-энесине тапшырды.
Бул кечеде ырчынын тун кызы Айыма жаңы ырын аткарып, сахнага апасын жана сиңдиси Элиманы чакырды. Ырчы эки кызынын чыгармачылыгын колдой турганын айтып, отурган элге ыр сунушту.
Ырчыга бул концертте көп белектер тартууланды. Курбусу Анжеликага бриллиант брошканы 30 жылдык юбилейи менен куттуктап, кийип турган көйнөгүнө такты.
Кеченин соңунда Анжеликанын концертин уюштурган жамаат бийиктиги бир метр болгон тортту тартуулашты.
Анжелика концертин жаңы жаздырган "Туулган күн" аталышындагы ыры менен аяктады. Ырчы бүгүнкү кечеге келген Анжелика аттуу кыздардын баарын сахнага чакырып, белекке келген роза гүлдөрүн аларга тартуулады. Ошондой эле ырчы залда отурган көрөрмандарын бий аянтына чакырды.
Анжелика бүгүнкү кече ар бир күйөрманына арналганын, концерт аяктаса дагы алар менен сүрөткө түшүп, бийлеп, баарлаша турганын айтты. Ал эми алып баруучу Эркин Рыскулбеков кечени расмий түрдө жаап, конокторго эркин микрофон сунду.
Сулуу болуп келген ар бир айым ырчы менен сүрөткө түшүп, бирден гүл белекке алып, жагымдуу маанайда үйлөрүнө кайтышты.