Жеңил салмактагы дивизиондо чемпиондон кийинки рейтингдеги №1 мушкер америкалык Жессика Ай эле. Беттешке чейин Ай Шевченкого тиш кайраганын көрсөттү. Беттеш алдындагы стердаунда (жүз тиреште) Жессика «ок өтпөгөн мушкер» деген жазуусу бар ок өткөрбөгөн жилетти кийип келди. Бул «ок» аттуу каймана аты бар Шевченкого болгон октагонго чейинки биринчи сокку эле...
«Шевченко - чыныгы жырткыч. Ар бир беттеш сайын өзүнө болгон ишеними өсүп, каардуу болуп баратат. Атаандаштар үчүн бул коркунучтуу», - деди Дана Уайт.
Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№867, 13-июнь, 2019-жыл) окуй аласыз.