Москвада кыз мурунку жигитин жолугушууга чакырып, ага кислота чачып салды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя 10-июнда Москвадагы кафелердин биринде орун алган. Анда мындан бир жыл мурун болжол менен 1 ай убакыт мамиледе болгон кыз мурунку жигитин жолугушууга чакырган.
"Жамандыкты күтпөгөн жигит кафеге келип кыз менен сүйлөшүп отурган. Бир маалда жигит ордунан туруп кетейин деп жатканда кыз ага кислота чачкан. Натыйжада жигит денесинин 20 пайызынан күйүк алып, ооруканага жеткирилген. Жигиттин колдорунун басымдуу бөлүгү күйүк алган, учурда ал ооруканада жатат. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кызды издөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.