2019-жылдын акыркы 6 айында 33 адам сууга чөгүп каза болгон. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 33 адамдын төртөөсү Ысык-Көл облусунда сууга чөккөн. Ал эми былтыркы жылы 150 адам сууга чөккөн. Алардын 29у Ысык-Көл облусунда катталганы жазылат маалыматта.