Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги "Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык келишимдин негизинде бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган документ аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалды жеңүү боюнча активдүү аракеттерге өбөлгөлөө жана алардын эмгек потенциалын ишке ашырууга аракеттешүү максатында иштелип чыккан. "Чечим долбоорунда социалдык келишимдин негизинде бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө убактылуу жобону бекитүү каралган. Ал Кыргыз Республикасынын аймагында 2019-жылдын 1-августунан 2022-жылдын 31-декабрына чейин иштейт. Убактылуу жобону ишке ашырууга жыл сайын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бюджетинен 300 миллион сом каралат.
Долбоордун алкагында бул жардамды алууну каалаган жакыр жашагандар бир үй-бүлөгө 100 000 сомго чейин бир жолку социалдык жардам алышат. Алардын эмгекке жарамдуу жарандары үчүн жаңы жумуш орундарын (же өз алдынча иштөө шарттарын) түзүүнү каалаган ишкерлерге бир жолку кайтарымсыз сумма берилет", - деп жазылат долбоордо.