Жыл сайын дүйнөдө Аталар күнү июнь айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. Быйыл бул күн 18-июнга туура келди. Аталар күнүндө атактуулар атасын, балдарын куттуктаса, айрымдары алгачкы жолу баласынын сүрөтүн жарыялады. Сиздерге жылдыздардын куттуктоосунун топтомун сунуштайбыз.
Улуу Британиянын ханзаадасы Гарри жана жубайы Меган Маркл Инстаграмдагы үй-бүлөлүк баракчасына уулу Арчинин (толук аты-жөнү Арчи Харрисон Маунтбаттен-Винздор) сүрөтүн жарыялап, "Аталар күнү менен!" деп жазган.
Ал эми атактуу түрк актёру, 2003-жылдын "Түркиянын мыкты модели" наамынын ээси Бурак Өзчивит социалдык тармактагы баракчасына кызыктуу сүрөт жүктөгөн. Анда актёр баласы экөөнүн муштумун түйүп турган сүрөтүн жарыялаган. Сүрөткө "Уулум" деген билдирүү жазылган.
Ал эми атактуулар аталарын куттуктоону дагы унутушкан эмес. Украинанын жаңы президенти Володимир Зеленский өлкөдөгү бардык аталарды куттуктаган. Аны менен катар ата-энесинин сүрөтүн жарыялап, атасына каалоо-тилегин жазган.
"Бүгүн аталар күнү. Бардык аталарды бүгүнкү күн менен куттуктайм! Атам Александр Семеновичти дагы куттуктайм! Ата, сен менин кадыр-баркымсың. Мындан кийин дагы ошол орунда болосуң. Дайыма ден соолукта бол. Өзүңдү жана апамды ая. Мен силерди жакшы көрөм", - деген ал.
Англиялык белгилүү футболчу Дэвид Бекхэм дагы наристе кезинде атасынын колунда жаткан сүрөтү менен азыркы учурдагы сүрөтүн жарыялап, "Ата, мен сизди аябай жакшы көрөм" деген.