Нариман Түлеевдин кызы: "Атамбаев шайлоо учурунда атамдан 500 миң доллар карызга алып, кайтарбай койгон"

Бүгүн, 18-июнда парламентте экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өтүүдө. Анда экс-депутат Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева чыгып сүйлөдү. Ал учурда атасынын чет жакта жүргөнүнө байланыштуу жыйынга анын атынан катышып жатканын түшүндүрдү. Андан соң атасынын катын окуп берди:

"Өткөн аптада массалык маалымат каражаттарында экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн окудум. Мындан улам мага анын бийлик учурунда болгон мыйзамсыз аракеттери тууралуу айтууну туура көрдүм. Шайлоо алдында 2010-жылы Атамбаев мага кайрылып, 500 миң доллар карызга сураган. Мындай чоң суммадагы акча анын шайлоого катышуусуна керек экендигин түшүндүргөн. Мен ал акчаны карызга бергем, мурун да мен тараптан мындай жардамдар көрсөтүлүп келген.

Кийин ал президент болгондон кийин акчаны кайтарып берүүсүн өтүндүм. Ошол учурдан тарта экөөбүздүн мамилебиз бузулду. 2011-жылы 1-декабрда президенттин кызматка киришүү аземи өтүп, мындан туура 1 ай өткөндөн кийин мага кысым көрсөтүүлөр башталды. Атамбаев мени саясий аренадан түп-тамыры менен алууну көздөдү. Январь айынан тарта артымдан аңдып башташты, мунун кесепетин мен эле эмес, үй-бүлөмдүн мүчөлөрү да тартты. Кийин мени карматты.

Комиссия мүчөлөрүнө бул маалымат да эске алынсын деп өтүнөт элем. Буга чейин тиешелүү мекемелерге кайрылып акыйкаттык издегенбиз, бирок андан майнап чыккан эмес", - деп айтылат Нариман Түлеевдин катында.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу үчүн 80ден кем эмес депутаттын макулдугу керек.

Атамбаевге оор кылмыштар боюнча тагылган 9 айып 6га кыскартылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан