Саясат таануучу Марс Сариев: "Райымбек Матраимовдун айланасындагы ызы-чуу ички да, сырткы да оюнчуларга пайдалуу болуп жатат"

Бүгүн, 18-июнда 24.kg маалымат агенттигинде акыркы кезде саясий айдыңда болуп жаткан абал тууралуу тегерек стол өттү. Анын жүрүшүндө саясат таануучу Марс Сариев сөз сүйлөп: "Райымбек Матраимовдун айланасындагы кеп-сөздүн күчөшү саясий жактан ички оюнчуларга да, глобалдык оюнчуларга да пайдалуу болуп жатат", - деди.

Ал "Азаттыктын" 700 миллион доллар акча өлкөдөн сыртка чыгарылган деген иликтөөсү ШКУнун саммити менен жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз өлкөсүнө келе турган учуруна дал келгенин белгиледи. Айтымында, бул убакта Кыргыз өлкөсү Кытайга Тайвань маселеси жана улуттук азчылык боюнча бүтүндүктү колдоо боюнча билдирүү жасады. Ошол эле учурда күздө АКШ менен Кыргыз мамлекетинин ортосунда кызматташуу боюнча жаңы келишимге кол коюу күтүлүүдө.

"Мындан улам Матраимовдор феноменинин күчөп жатканы ички оюнчуларга гана эмес, глобалдуу оюнчуларга да пайдалуу болууда. Бизде энергетика секторунда, Мамлекеттик каттоо кызматында да коррупция көп. Бирок баары эле Райымбек Матраимовго келип такалып калышты", - деди Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан